Главная > Экономика > Кыргызстанда 2026-жылга карата бюджет кабыл алынды
Кыргызстанда 2026-жылга карата бюджет кабыл алынды24 декабрь, 15:33. Разместил: bn |
|
БИШКЕК (AA) – Жогорку Кеңеш өкмөт тарабынан даярдалган жана өлкө экономикасындагы өсүү темпин сактоону көздөгөн көлөмү 12,6 миллиард долларды түзгөн 2026-жылга карата бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышкан жалпы жыйында бюджет долбоору каралып, жактырылды. Кабыл алынган 2026-жылкы бюджетке ылайык, мамлекеттик кирешелер 551,2 миллиард сом, чыгашалар болсо 550,8 миллиард сом болжолдолуп, натыйжада келерки жылы бюджет 400 миллион сом (болжол менен 5 миллион доллар) профицит менен аткарылары күтүлүүдө. Адылбек Касымалиев жалпы жыйында сүйлөгөн сөзүндө 12,6 миллиард долларлык бюджет жөн гана каржылык көрсөткүч эмес, акыркы жылдары жүргүзүлүп келген ырааттуу экономикалык саясаттын жемиши экенин белгиледи. Ал өлкө экономикасы туруктуу өсүү жолуна түшкөнүн айтып, экономикалык көрсөткүчтөрдүн жогорулашына көңүл бурду. Касымалиев экономикалык өсүш курулуш, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактарынын өнүгүшү, ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын көбөйүшү менен камсыз болгонун белгиледи. Ошондой эле ал мамлекеттик кызматкерлердин жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган чараларга токтолуп, “2026-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык кызматкерлердин, маданият жана спорт кызматкерлеринин, ошондой эле техникалык персоналдын айлык маяналары кеминде 50 пайызга жогорулатылат”, — деди. – “2030-жылга карата бюджеттик максат – 30 миллиард доллар” Жалпы жыйында Кыргызстандын 2030-жылга чейин ишке ашырууну көздөгөн Улуттук өнүгүү программасы да тааныштырылды. Өкмөттүн стратегиялык максаттары тууралуу маалымат берген Адылбек Касымалиев орточо жылдык экономикалык өсүштү 8 пайыз деңгээлинде кармоону, 2030-жылы жан башына туура келген улуттук кирешени 4 миң 500 долларга жеткирүүнү жана мамлекеттик бюджеттин көлөмүн 30 миллиард долларга чыгарууну максат кылышканын айтты. Ошондой эле 2022-жылы 6,7 миллиард долларды түзгөн Кыргызстандын бюджети 2026-жылы дээрлик эки эсеге өсүп, 12,6 миллиард долларга жеткени белгиленди. Вернуться назад |