Главная > Университет > “Манас” бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулады

“Манас” бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулады


27 декабрь, 19:11. Разместил: baris

2022-жылдын 27-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты  “Манас” үй-бүлөсүнүн кичинекей мүчөлөрүнө жаңы жылдык маанай тартуулады.

Иш-чарага университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин 12 жашка чейинки балдары катышты.

Университеттин ректору Алпаслан Жейлан балдарга арналган жаңы жылдык куттуктоо сөзүн айтып, чын ден соолук, бактылуу балалык каалады. 

Ректорат тарабынан ар бир балага таттуулар, белектер тартууланды.


Вернуться назад