Главная > Новости "Медиа Манас" > Программалоо тилдеринин эволюциясы

Программалоо тилдеринин эволюциясы


31 марта, 11:46. Разместил: Jyldyzbek

       КТМУнун Компьютердик инженерия бөлүмүнүн ага окутуучусу Айбек Аданбаев "Тема" теледолбоорунун коногу болуп, компьютердик программалоо тилдеринин өнүгүшү тууралуу айтып берди.

       Студиянын коногу негизинен программалоо тилинин семиотикасына, семантикасына, синтаксисине, прагматикасына токтолуп, кыскаса мүнөздөмө берип кетти. 

      Андан тышкары Аданбаев программалоо тилдери жогорку жана төмөнкү болуп экиге бөлүнөрүн, алардын ортосундагы негизги айырмачылыктары кайсылар экенин, жылына программалоо тилдеринин эң көп колдонулганына жараша атайы Эл Аралык белгилүү уюмдар тарабынан рейтинг чыгарылып тураарын дагы  баяндап өттү. 

          Көрсөтүүнүн толук вариантын төмөнкү видеодо көрө аласыздар.

          

 

          МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Вернуться назад