Главная > Новости "Медиа Манас" > Дене маданияты жана адам

Дене маданияты жана адам


2 марта, 16:49. Разместил: aynagul

Дене тарбия жана спорттун адам жашоосундагы орду, мааниси.

Студиянын коногу Спорт илимдер факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаков

Бүгүнкү темабыз айтып тургандай дене тарбиясы жана спорт жашообуздун ажырагыс бөлүгү.

Канат Чыныбаевич: Дене маданияты дегенибизде тамыры тээ тереңде. Кыргыздар көчмөн элдердин бири катары спорт, дене маданиятына байыртадан эле маани берген, улуттук спорт түрлөрү күрөш, көк бөрү сыяктуу оюндар дене маданиятынын калыптануусунда чоң роль ойногон.Спорт илимдер факультетинин деканы катары айтсам, дене тарбия билим берүүсүндөгү биз ишке ашырган долбоорлор аркылуу  адамдардын 12-15% гана спорт менен алектенээри белгилүү болду. Бул өз кезегинде гиподинамия, организмдин функцияларынын бузулушуна жана ооруулардын пайда болуусуна  алып келүүдө

  Азыркы доордо кыскача интернет заманында кыймыл аракет жокко эсе болуп бул ден-соолук көйгөйлөрүн жаратып жатат. Ошол эле пандемия ковид чектөөлөрүнүн кесепетин жоюуда спорттун орду чоң. Канат Жанузаков өз сөзүндө ата-энелерге  баланы дене-тарбиясына, спортко шыктандыруусуна өзүнүн баалуу кеп кеңештерин айтып өттү.


Вернуться назад