Главная > Мир > Түркия аймактык туруктуулукту сактоодо НАТОдон көбүрөөк колдоо күтөт
Түркия аймактык туруктуулукту сактоодо НАТОдон көбүрөөк колдоо күтөт22 февраль, 17:02. Разместил: bn |
|
Түркия Республикасынын Президентинин алдынганы Коммуникация башкармалыгы тарабынан 16-20-февраль даталарында Анкара менен Стамбулда “Өзгөргөн динамикалар жана узак мөөнөттүү келишим: Түркия менен 70 жыл бою дагы күчтүүрөк” аталышындагы жыйын өттү. Анда глобализациялык масштабдагы өзгөрүүлөргө карабай кубаттуу шериктештик менен ишти уланткан Түркия жана НАТОнун кызматташтагы талкууланды. Жыйында сөз сүйлөгөн Президенттин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын НАТОнун геосаясий келечегинин борборунда турган өлкө экенин белгилеп, НАТОнун Европа чек араларындагы туруктуулукту бекемдөө зарылдыгын эскертти. Ал сөздөрүн төмөнкүчө улантты: “Түркия НАТОнун “оюунан кайттыруу” негизине сезимталдык менен мамиле кылуусун күтөт. Кандай шартта болбосун НАТОнун “Бирөө баары, баары бирөө үчүн” деген ураандын кыйроосуна жол берилбеши керек.” Алтун бардык өлкөлөр сыяктуу Түркиянын да НАТОго мүчө болбогон өлкөлөр менен мамилеси бар экенин баяндап, “Булар НАТОнун алтернатива катары баалабай турган мамилелери. Тескерисинче НАТОнун күткөнүнө жооп бере турган мамилелер болуп саналат.”-деген ойду айтты. Алтун: Түркия НАТОнун бюджетине эң көп салым кошкон алгачкы 8 союздашынын бири, НАТО уюму соңкү 30 жылда жеке эле аскердик коопсуздукту сактайт деген түшүнүктөн жогору турат. Вернуться назад |