Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Атанын мээримин чагырдырган “Ата” тасмасы чыгат

Атанын мээримин чагырдырган “Ата” тасмасы чыгат


30 октября, 11:08. Разместил: sharizat

Аталган социалдык драманы 16-ноябрдан тарта өлкөнүн бардык кинотеатрларынан көрө аласыздар. ТасмаMBpro студиясы тарабынан тартылды.

“Ата” тасмасы үй-бүлөлүк баалуулуктар жана кыйынчылыктарга туш болгон атанын тагдыры тууралуу баяндайт. Кинонун башкы каарманы Асан- жашоого оптимисттик көз караш менен караган адам, жакшы жолдош жана ата. Бардык нерсеге өз күчү, жон териси менен жетишкен. Балдарына мээримин төккөн, алардын каалаганын жасаган ата. Өзү кедейликте чоңойгондугу үчүн “колундагы алтындын” баркын билип жашайт. Кол алдында иштеген адамдарга да “босс же шеф” катары эмес адам катары мамиле кылат.

Асан жетишпеген балалыкты өткөргөнү менен аны атасы абдан жакшы көргөн, мээримин төгүп тарбиялаган. Асан дагы өз балдарын ушундай философия менен тарбиялап келет. Баардыгы өз нугунда кетип баратканда эле, Асандын башынан көптөгөн жагымсыз окуялар өтөт: иш өнөктөшү алдап кетип бизнеси бөтөн кишинин колуна өтүп кетет, жубайы менен жол кырсыгына кабылат. Анын бактылуу жашоосу ушинтип аяктагандай болот...

Бирок Асан тагдырдын сыноосуна сынып калчу адамдардан эмес! Бул кыйынчылыктар менен кантип күрөшөт?

 

Жазган: Гульзира Кенешова


Вернуться назад