Главная > Университет > Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби жаңы окуу жылын салтанаттуу тосуп алды

Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби жаңы окуу жылын салтанаттуу тосуп алды


27 октября, 14:44. Разместил: bn

Окуу жылынын биринчи ачылыш сабагын белгилүү адамдардын катышуусунда өтүү жөрөлгөсү Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинде жыл сайын өткөрүү салтка айланган.  2016-2017-окуу жылынын «Ачылыш сабагын» өтүү жөрөлгөсүнүн бул жолку коногу Туризм жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы, азыркы бизнесмен ϴкмөтбек Алмакүчүков болду.

Иш чаранын ачылышында Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрү, доц. Барыш Эрдем жалпы студенттерди 2016-2017-окуу жылынын ачылышы менен куттуктады. Андан соң Манас университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин иштери жана жетишкендиктери, аткарылган иштери туурасында тасма-слайд аркылуу маалымат берип: «Туризм экономикалык жактан да манилүү ролду ойнойт, учурда дүйнө жүзүндө туризм чөйрөсүндө миллиондогон, тагыраак айтканда, ишке жарамдуу ар бир онунчу адам туризм менен байланышкан тармакта иштейт. Бул жаатта Манас университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин потенциалы чоң, андыктан студенттерибиз жетиштүү деңгээлде билим алуулары абзел», - деп, аталган мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктери тууралуу да айтып өттү.

Туризмди өнүктүрүү өлкө үчүн көбүрөөк пайда алып келээрин баса белгилеген окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы өз сөзүндө: - «Орто Азия чөлкөмүндө туризм тармагы боюнча Кыргызстандын келечеги чоң. Окуу жайыбыздын Туризм факультетинин да келечеги кең. Келерки жылдарда туризм факультетинин окуу имараттары да курулуп бүткөнү турат. Азыркы ааламдашуу маалымат дүйнөсүндө, көп изилденип, көп жакшы нерселерге жетишсеңер болот.  Манас үй-бүлөсү жылдан жылга кеңейип, студенттердин келечеги үчүн бардык мүкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Келечекте түрк дүйнөсүнө кызмат кылган жана аны тааныткан жаштардан болушуңарга ишенебиз.», - деп, жаңы окуу жылында бейпилдик жана ийгиликтер болушун каалады.

Андан соң иш-чаранын кадырлуу коногу, Туризм жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы, азыркы бизнесмен ϴкмөтбек Алмакүчүков Манас университетинин студенттери жана жамааты менен жолугушуу кубаныч тартуулап турганын белгилеп, өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө өттү.

ϴкмөтбек Алмакүчүков өз сөзүндө карьера жолунда көптөгөн тепкичтерден өтүү, студенттик жылдарда убакытты туура пайдаланып, көп нерселерди үйрөнүүнү эсиңиздерден чыгарбашыңыз абзел. Азыркы учурда жогорку билим тууралуу дипломдун ээси болуу жетишсиз. Турмуш жолунда өз ордун табуу, өз ишин сүйүп, башкалардан озуп, дагы да жакшысын жана ашыгын жасай билген адистер гана мезгилдин талабына жооп берет. Келечекте өзүңөрдү каякта жана кайсыл позицияда көрүүнү кааласаңыз ошол максатка карай үзгүлтүксүз аракеттенишиңиз керек деди.

Ошондой эле студенттердин ата-энелери жана Туризм факультетинин бүтүрүүчүлөрү, тагыраак айтканда, учурда «CLASSIC- OSH» мейманканасынын менеджери Шерзодбек Хатамжанов жана «Ambassador-Bishkek» мейманканасынын менеджери Айбек Алимжанов да трибунага чыгып, замандын талабына жараша татыктуу адис болуу үчүн убакытты туура бөлүштүрүп, тилдерди үйрөнүш керек жана эң башкысы сапаттуу билимге ээ болуп, өз кесибин сүйгөн гана адам ийигиликтерди багындыра алат деген ойлору менен бөлүштү.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы иш чаранын кадырлуу коногу болгон ϴкмөтбек Алмакүчүковгө Манас университетинин атынан белек тапшырды. Иш-чара студенттердин аткаруусунда чакан концерттик программа менен соңуна чыкты.


Вернуться назад