Главная > Университет > Мевлана программасы менен студенттер келишти

Мевлана программасы менен студенттер келишти


25 октября, 16:59. Разместил: bulentnamal

2016-жылдын 21-октябрында окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы Манас университетине 2016-2017-окуу жылынын күзгү семестринде билим алуу үчүн келген студенттер менен жолугушту.

Мевлана студент алмашуу программасы менен келген студенттерди жылуу кабыл алган университет жетекчиси: “Сүйүктүү студенттер, силер бүтүндөй Түрк дүйнөсүнүн жаштарысыңар. Андыктан өзүңөрдү бөтөн сезбей, бул жерди өз өлкөңөрдөй көргүлө. Кыргызстандын тарыхый, маданий жерлери менен таанышып, көптөгөн маалыматтарга ээ болосуңар деп ишенем. Манас университетинде 14 өлкөдөн келген ар улуттун өкүлү болгон жаштар билим алышат. Колуңардан келсе, алар менен достошуп, орус, кытай тилдерин үйрөнүп, тажрыйба алгыла. Дагы бир кеңешим, келген биринчи күнүңөрдөн баштап, мындагы көргөн билгениңерди, таасир калтырган нерселерди жазып койгула жана кайра кетип баратканда аларды анализдегиле, ошондо канчалык деңгээлде пайдалуу маалыматтарга ээ болгонуңарды сезесиңер.”, - деп, студенттерге ийгилик каалады.

Жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Мевлана программасы менен Манас университетине 2016-2017-окуу жылынын күзгү семестринде билим алуу үчүн Казакстандан 1 студент, Түркменистандан 2, Түркиянын 9 Жогорку окуу жайларынан 22 студент келишкен.


Вернуться назад