Главная > Университет > Ректор Эл аралык илимий симпозиумга катышып келди

Ректор Эл аралык илимий симпозиумга катышып келди


8 октября, 15:14. Разместил: bulentnamal

2016-жылдын 6-7-октябрь күндөрү Түркиянын Анкара шаарында Түрк тилдүү мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналып уюштурулган Эл аралык илимий симпозиумга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы “Эгемендүүлүк жылдарында Кыргыз-Түрк “Манас” университети” деген баяндамасы менен катышып келди.

Симпозиум 2016-жыл ЮНЕСКО уюму тарабынан белгиленген “Хожа Ахмет Ясеви жылы” жана Түрк тилдүү мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналды. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркменистандан илимпоздор катышып, 60тан ашуун илимий баяндамалар окулду.

Симпозиумда баяндалган макалалар Ахмет Ясеви университети тарабынан “Түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган баяндамалар” деген аталышта жарыкка чыкмакчы.


Вернуться назад