Главная > Университет > Ашура күнү белгиленди

Ашура күнү белгиленди


14 октября, 16:20. Разместил: bulentnamal

2016-жылдын 13-октябрында Экономика жана башкаруу имаратынын фойесинде жыл сайын уюштурулчу Мухаррам айынын 10-күнү Ашура күнү белгиленди.

Иш-чаранын уюштуруучулары Туризм жана мейманкана иштетүү факультетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмү жана Теология факультети болушту.

Иш чарага катышкан университет ректору, профессор Себахаттин Балжы күндүн маанилүүлүгүнө токтолуп: «Ашура – ушул айдын эң кадырлуу түнү. Аллаху таала кээ бир дубаларды Ашура күнүндө кабыл кылган. Баарыбыздын бул күнү кылган дубаларыбыз кабыл болуп, бүтүндөй Ислам өлкөлөрүндө тынчтык, биримдик, ынтымак, боорукерлик жана мээримдүүлүк болсун» деген тилегин билдирди.

Теология факультетинин ага окутуучусу, доц. Мүхиттин Дүзенли иш чаранын катышуучуларына күндүн маанилүүгү тууралуу айтып, университет жетекчилиги менен студенттерди окуу жайыбыздын башкы ашчысы Абүзер Акгүндүн колунан жасалган даамдуу "ашуре" тамагынан даам сызууга чакырды.

Бул тамактын тарыхы: дүйнөнү суу каптаганда Нух пайгамбар бардык жаныбарларды жуп-жуптан кылып, буудай-арпадан дагы өзүнүн кемесине салып алат. Суу кеткенден кийин кеме тоонун чокусуна келет. Анан Нух пайгамбар бардык жаныбарлар менен кемеден чыгып, буудай, арпа ноокот жана башкаларды аралаштырып, өзүнчө бир абдан даамдуу тамак жасайт. 

Мусулман жыл саноосу боюнча Ашура Мухаррем айында белгиленет. Азыр биз жашап жаткан ай Мухаррем деп аталат. Бул арап өлкөлөрүндө, Түркияда, Азербайжанда дагы белгиленет.


Вернуться назад