Главная > Университет > КТМУнун системасына чоң кызыкчылык

КТМУнун системасына чоң кызыкчылык


7 октября, 12:14. Разместил: bn

Түркиянын ар кайсы фонд жана уюмдарынын өкүлдөрүнүн турган делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди. 

Түркиянын жаштар фонду, “Хайрат” эл аралык студенттер фонду, Илим таратуу коому, Жатаканалар эл аралык  бирикмеси жана Борбордук Азия бир туугандар коомунун башчыларынан түзүлгөн делегация КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы менен жолугушту.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында коноктор КТМУнун жашоосу, студенттери жана аларга сунулган мүмкүнчүлүктөр менен таанышышты. Сапаттуу билим берүү менен катар студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат алган делегация, окуу жайыбыздын ректору, профессор  Себахаттин Балжыга өздөрү кызыккан суроолорду узатышты.

Окуу жайдын Орто Азияда эл аралык аренадагы студенттерди бир жерге чогултууда ийгиликтүү экенини билдирген делегация кампус менен таанышып чыкты.


Вернуться назад