Главная > Блоги > Кыргыздын кымча бел кыздары дүйнөнү багындырууда

Кыргыздын кымча бел кыздары дүйнөнү багындырууда


6 октября, 10:30. Разместил: asel

2016-жылдын 30-сентябрында Россиядагы Оренбург шаарында күрөш боюнча болуп өткөн “Кубок мира” аттуу дүйнөлүк мелдеште 2-орунду багындырып, кыргыздын желегин дүйнөгө желбиреткен 19 жаштагы Анара Рыскулова менен маек курдук.
-Саламатсыңбы Анара? Жеңишиң жемиштүү жана куттуу болсун. Айтсаң, бул мелдешке канча өлкөнүн спортчулары катышты жана 1-3-орундарды кайсы мамлекеттер ээледи?
-Саламатсызбы, рахмат. Негизинен спорттун бул түрү абдан кеңири болгондуктан дуйнөнүн булуң-булчуңунда жайгашкан мамлекеттер да катышты. Бардыгы биригип 21 өлкөнүн спортчулары дүйнөлүк кубокту алуу үчүн таймашты. Алардын ичинде 1-орунду Тажикстан, 2-орунду Кыргызстан, 3-орунду Россия жана Өзбекстан ээледи.
-Кыргызстандан бул мелдешке бардыгы канча спортчу болуп бардыңар?
-Негизинен төрт спортчу бардык жана машыктыруучубуз Чыңгыз Чалабаев.
-Дүйнөлүк мелдештеги ийгилигиңдин артында канча жылдык тажрыйба жана эмгек бар?
-Бул спорттун түрү менен 13 жашымдан бери машыгам. Тагыраак айтканда 7 жылдык мээнетим бар деп айтсам болот.
-Эмне үчүн спорттун дал ушул түрүн тандадың?
-“Аккан арыктан суу агат”- деген макал бар го кыргызда. Анын сыңарындай менин атам да, чоң атам да күрөш менен машыгып, атам кичинекей кезимден эле мага күрөштүн эрежелерин үйрөтүп, каныма сиңдирип, “кызым, кыргыздын желегин желбиреткен дүйнөнүн чемпиону болушуң керек!” деп, кулагыма куюп, бул жеңишке даярдаган.
-Дүйнөнүн кайсы мамлекеттеринде болдуң?
-Таиланд, Казань, Казакстан, Өзбекстан, Россия.
-Бул спорттун түрүнө мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөбү? Мисалы барып-келген жолуңардын, ичкен тамак-ашыңардын каражатын ким камсыз кылат?
-Тилекке каршы мамлекеттен эч кандай жардам көрсөтүлбөйт. “Беш-Сары” соода комплексинин генералдык директору Камчы Жолдошбековдун демилгеси менен гана журөбүз.
-Эмесе Анара бизге кызыктуу маек куруп бергениң үчүн сага рахмат. Алдыдагы иштериңди да ийгиликтер коштосун.
-Рахмат.

 

Даярдаган: Асел Шамилова


Вернуться назад