Главная > Экономика > Улуттук Банк маалымдайт

Улуттук Банк маалымдайт


20 September, 15:26. Разместил: sharizat

Улуттук төлөм системасындагы негизги бутагы Элкарт улуттук төлөм картасы эсептелет. Аталган карталар Банктар аралык процессингдик  борбору чыгарат.

Баса белгилей кетүүчү нерсе Кыргызстан КМШ мамлекеттери арасында алгачкылардан болуп улуттук карты чыгаруу ишин баштаган.

Элкарт улуттук төлөм системасынын инфраструктурасы дайыма өнүкгүп келе жатат жана  жайылтуу аракетине, өлкөдөгү бардык төлөм системасынын катышуучулары болгон баардык банктар тартылган. Элкарт улутук системасынын картасы бардык коммерциялык  банктардын терминалдарында жана банкоматтарында кабыл алынат.

Күнүбуздө Элкарт колдонуучуларынын саны 400 миң адамдан ашкан жана 2016 жылдын соңуна чейин  Элкартка бюджеттик мекемелердин бардыгы өтүшү күтүлөт.

 

Шаризат Ибраева

Тимур Тимаев

Медиа Манас Бишкек

 


Вернуться назад