Главная > Новости "Медиа Манас" > Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас”эпосу орус тилине которулду

Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас”эпосу орус тилине которулду


15 сентября, 17:32. Разместил: Kunduz Avashova

Орус тилдүү окурмандар алгачкы жолу  эпосту орус тилинде окуп, жакындан таанышуу   мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.  “Манас” эпосунун академиялык басылмасынын 1-бөлүгү Россия Федерациясындагы “Прогресс” басмаканасында чыгарылды. Каражат маселесин басмакана толук бойдон өз мойнуна алган. Басып чыгаруучу: Россия Илимдер академиясынын  профессору, тарых илимдеринин кандидаты, философия илимдеринин доктору, “Прогресс” басмаканасынын жетекчиси  Рустам Рахманалиев.

Рустам мырза: “ “Манас” баатырдык эпосу- адамзаттын жашоосундагы эң укмуштуу жаратмандыгы, ал түрк цивилизациясынын миңдеген жылдардан бери келе жаткан жетишкендиктеринин бири болуп саналат.”,- деп баса белгилеп өттү.

Долбоордун жетекчиси Эрнис Зарлыков. Долбоордун координатору, тарых илимдеринин кандидаты, манас таануучу Чолпон Субакожоева. Чолпон айым бул долбоордун ишмердүүлүгү тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:

Кыргыз эл баатыры Жусуп Мамайдын вариантында Манас баатырдын 7 урпагына чейин чагылдырылат. Жусуп Мамайдын вариантынын өзгөчөлүгү мына ушунда. Алар: “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”,  “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек”, “Чигитей. Эпосту орус тилине Кыргыз Республикасынын маданий ишмери, акын, котормочу Светлана Суслова которгон. Ал эми анын жардамчы котормочусу катары Элдар Ибраимов эмгектенген. Светлана Суслова айым эпостун оригиналындагы жандуу ыргакты, сезимди орус тилинде дагы жеткирип берүугө абдан аракет кылган.

Андагы ыргактар кандайдыр бир чоң, өлбөс-өчпөс нерсе дем алып жаткандай сезилет. Бул деген өзүнчө бир аалам”,- деп толкундануу менен айтып өттү. Котормонун үстүндө 1 жылга жакын тынбай эмгектенгенин, алдыда дагы бир топ кызыктуу жумуштар күтүп турганын кошумчалады.Долбоордун катышуучулары которуу процессинде жөн гана окуп, тузмө-түз которуп койбостон, манасчылар менен жолугушуп, манасты жандуу угуп, таасирленип, манас дүйнөсүнө өзгөчө мамиле кылууга, сүңгүп кирүүгө абдан аракет кылышкан. “Манас” эпосун орус тилине толук которуп бүтүүгө дагы 5 жылдан ашык убакыт керектелет.


Вернуться назад