Главная > Новости "Медиа Манас" > «Чоң экранда» жаш театр режиссеру Уланмырза Карыпбаев

«Чоң экранда» жаш театр режиссеру Уланмырза Карыпбаев


24 августа, 12:33. Разместил: Shatgul Aitbek Kyzy

"Чоң экрандын" 24-август, шаршемби күндүк эфиринде, Санкт-Петербург театралдык академиясынын Геннадий Тростянецкийдин режиссерлук өнөрканасынын студенти, Гагарин атындагы сыйлыктын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери Уланмырза Карыпбаев болду.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Драма театрында Уланмырза Карыпбаевдин режиссерлугу алдында Юлия Дамскердин пьесасынын негизинде "Күүгүм" документалдык драмасы даярдалууда. Режиссер билдиргендей, ал документалдык драма кийинки 2017-жылдын август айында элге сунулат.

Ал театрда тирүү кезинде кадырына жетишибиз керек болгон залкарлар эмгектенип жатканын жана театрга элдин аз келишине маанайы түшөөрүн айтты. Балким бул тенденция, театр даяр, мыкты эмгектерин элге жарнамалоодо, жеткириүүдө аксап аткандыгынанбы деп белгилеп жана бул тармакка күчтүү, жаш менеджерлер келсе деген оюн кошумчалады.

 

Театрдагы алгачкы эмгектеринен болгон Чынгыз Айтматов атындагы орус драмтеатрында "Келиндер козголоңу" спектаклинде кайненин ролун аткаруу менен бирге режиссерлук милдетти да аркалаган. Угармандарга аталган спектаклден үзүндүнү кайненени келиштире аткарып берди. Бул ролго кантип даярдандын, кимди элестетип аткардын деген суроого "тайэнемдин курбусун :) " деген жооп алдык. 

Каарманыбыз эки  күндөн кийин окуусуна Санкт-Петербург шаарына сапар тартат.

 

 

 

Шатгүл Айтбек кызы.


Вернуться назад