Главная > Технология > Социалдык тармактарды пайдалуу колдонолу!

Социалдык тармактарды пайдалуу колдонолу!


10 августа, 16:20. Разместил: Kunduz Avashova

Социалдык тармак заманбап жашоодогу адамдын айрылгыс бир бөлүгүнө айланганын баарыбыз жакшы билебиз.  Аны туура колдоно билсек жашообузга бир топ пайда алып келет.  “Фейсбук”,  “Инстаграм”, “Твиттер”,  “Одноклассники”, “Мой мир”, “В контакте” аттуу социалдык тармактар учурда абдан таанымал. Ал жактан биз маалымат окуп, аудио угуп, сүрөт жана видео көрүп, каалаган темада пикир алмашып, талкууга катышып активдүү жашоо жүргүзсөк болот Жогоруда учурдагы эң популярдуу соцтармактар аталды, алардан башка дагы толтура соцтармактар бар. Таанылган өлкөлөр өз кызыкчылыгы, рейтинги үчүн, же жөн гана атаандашып деле жаңы социалдык тармактарды өнүктүрүп жатышат. Андыктан өлкөгө жараша ар башка  соцтармактар атактуу экенин дагы эске алыңыз.  Албетте сиз жаш курагыңызга, иштеген кесибиңизге, кызыкчылыктарыңызга жараша туура багыттагы социалдык тармакка катталсаңыз көбүрөөк пайда табасыз.


Мисалы, сиз жаңы жумуш баштадыңыз дейли, жаңыдан гана бизнеске кириштиңиз. Азыркы заманда медиада  өзүңуздү жарнамалоо үчүн аябагандай көп өлчөмдөгү каражат кетет. Ошондуктан алгач соцтармактарга катталып, өзүңуздү таанытуу жолу туура жана оңой болот. Жеке ишкердик менен алектенип, бизнес багытында ийгилик табуу үчүн болсо, буюмуңузду жарнамалоо, таанытуу жана сатуу ийгиликке жеткирет. Виртуалдык дүйнөдө көрүнбөгөн, бирок кеңири аянтчага ээ болуп, белгилүү бир аудиторияны ээлеп, кардар топтоп алууга зор мүмкүнчүлүк күтүп турат.


Кардарга чалып, кечке сүйлөп отургандан көрө, социалдык тармактарда кардарлардын колдоосуна ээ болууга зор мүмкүнчүлүктөр бар.  Ал эми сиздин кызматка же буюмга ыраазы болгон кардарлар пикир калтырган болсо бул дагы өзүнчө реклама! Ишкердикке жаңы гана киришкен болсоңуз өз күчүңуздү сынап, ашыкча каражат кетирбей, туура жол таап кетүүгө дал ушул социалдык тармак чоң жардам берет. Жарнамадан тышкары сиз кардарлар менен пикир алмашып, талкуу, сурамжылоо жүргүзүп, жумушуңузга керек- керек эмес, пайдалуу-зыяндуу тараптарын ылгап аласыз. Ошентип улам жаңылануу жана өнүгүү жолуна түшөсүз.


Соцтармактардын жардамы менен жигердүү (активдүү) иштеп, онлайн сатууларды жүргузүүгө болот. Соцтармактагы соода үчүн ачкан баракчаңыз атактуу болгон соң гана атайын интернет баракча, интернет дүкөн ачсаңыз болот.


Айрым кеңештер:
1. Жаңы катталуучулар 2 аккаунт түзүүсү керек:  
1-негизги аккаунт, 2-жумуш үчүн аккаунт.
2. Негизги аккаунтту керексиз калдыктардан, негативдерден, керексиз жарнамалардан  тазалап туруу керек.
3. Анкетага сизди табууга оңой болчу гана маалыматты жазыңыз, кызыкчылыктарыңызды, табууга оңой болчу сөздөрду, фразаларды (теги)жазып толтуруңуз.
4. Топтор үчүн кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеп коюңуз. Анткени кирген кардар сиз тууралуу керектүү маалыматты гана окуусу зарыл.  М.а. кардарыңыз сиз  тууралуу аз эле маалымат алуусу керек. Ашыкча маалыматтын кереги жок. Сизди кайсы бир компания менен алмаштырбаш, байланыштырбаш керек. Интрига сөзсүз болушу керек. Себеби интрига гана кызыгууну жаратат.


Соцтармактар бизге кандай жардам бере алат?  Эгер биз бизнес тууралуу ойлонуп жатсак, анда төмөнкү кеңештерди эске алалы:

 

Биринчиден: Соцтармак өзүңдүн брендиңди таанытуу үчүн абдан күчтүү курал болуп саналат.

Экинчиден: Тармактуу (сетевой) же кадимки салттуу бизнести курууга абдан көп кардарларды топтой аласыз.

Үчүнчүдөн: Өзүң жана Өзүңдүн бизнесин тууралуу бекер айтып берүүгө  шарт бар.

Төртүнчүдөн: Вирустуу маркетинг үчүн бекер аянтча бар.
Көпчүлүк адамдар бул пайдалуу мүмкүнчүлүктү туура колдонуунун жолун такыр билбейт. Бизнес баштап, келишим тузүп койгон болсо эле болду. Бизнеси бар, жумуш башталды,  миллиондогон адамдар аларды эле күтүп отургандай элестетет. Бирок жашоо алар ойлогондой эмес, ал эми бизнес болсо ого бетер татаал нерсе.


Эмесе негизги эрежелер боюнча аракетти баштаңыз!
Эң негизги суроолорго жооп бериңиз:
1. Башкы максатыңыз эмне? Кандай жыйынттыкка, ийгиликке ээ болгуңуз келет?
2. Социалдык тармакка эмне үчүн келдиңиз?
3. Эмнени таанытасыз? Азык-түлүкпү, техникабы же такыр башка нерсеби? Эгер сиз компанияны тааныта турган болсоңуз бул стратегия. Эгер сиз өзүңүздү тааныта турган болсоңуз бул таптакыр башка стратегия.
4. Аудиторияга кандай баалуулукту сунуштайсыз? Аларга сиз эмнени көрсөтөсүз? Эмнени үйрөтөсүз? Соцтармакта аккаунт ачып койуу менен эле чектелбеңиз. Сиз элдерге эмнени таанытасыз, эмнени бере аласыз? Максатыңызды так билишиңиз керек.
5. Сиздин аудиторияңыз кимдер? Кайсы курактагы адамдар? Баардыгын так элестетип, кыялданып, алдыдагы максатыңызды айкын элестетүүгө аракет кылыңыз. Эгер сиз кичинекей балдарга буюм сатып жатсаңыз, албетте аудиторияңыз апалар, кожойкелер. Интернетте соода кылып, жолуңузду так билбей, бирок максатсыз иш баштасаңыз, кардарды өзүңузгө тартуу, кармап калуу кыйын болот.


Алган жоопторуңузду окуп, талдап, тактап, иш дептериңизге жазып, бир жыйынтыкка келиңиз. Албетте жардамчыларыңыз менен кеңешиңиз, талкуу жүргүзүңүз, сунуштарды угуп көрүңүз. Аягында жакшы жыйынтык бере турган чечимге келиңиз!

Баардык окурмандарга ийгилик каалайм!

 

 

Кундуз Авашова.


Вернуться назад