Главная > Мир > Mercedes компаниясы келечектин автобусун сунуштады

Mercedes компаниясы келечектин автобусун сунуштады


20 июля, 13:38. Разместил: sharizat

Mercedes компаниясы өзү адамдын кийлигишүүсү жок башкарылган "келечектин автобусунун"(Future Bus),прототибин сунуштады.TechCrunch агенттиги билдиргендей жакында айдоочусуз машина өзү Нидерландыда Rapid Transit трассасында жыйырма километрдик аралыкты басып өттү. Future Bus прототибинин негизин Citaro автобустар сериясынын платформасы түзөт.Автономдуу башкарууга ээ система,көптөгөн датчиктердин жардамы менен функцияналдашып CityPilot аталышын алган.
Автобусту башкаруу сантиметр деңгээлиндеги тактыкта жүргүзүлөт.Ошону менен бирге жол чырактын берген сигналын так аткарып,аялдамадан жүргүнчү салып\түшуруп,кыскасы адам менен башкарылган трансорт каражатындай ишти аткарат.TechCrunch басылмасы билдиргендей CityPilot платформасы негизинде башкарылган автобустар ылдамдыгын саатына 70 чакырымга чейин көбөйтө алат.
Автобустун салону инновациялык жабдуулар менен жабдылган,мисалы жол кире билетин эсептегич,смартфондор үчүн зымсыз кубаттагыч жана чоң маалыматтык дисплей жайгаштырылган.
Азыркы тапта өндүрүүчү бул "акылдуу"автобустар качан кызмат кылып баштаары жөнүндө так маалымат берген эмес.Компания өкүлдөрүнүн пикиринде,бул нерсе BRT(Bus rapid transit)жолдордун кеңейтилиши менен кызматка берилээрин билдиришкен.


Вернуться назад