Главная > Спорт > Жанарбек Кенжеев Бразилиядагы Олимп оюндарына катышат

Жанарбек Кенжеев Бразилиядагы Олимп оюндарына катышат


11 июля, 15:51. Разместил: aynagul

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеевге "Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү"(UWW) уюму Олимп оюндарына катышуу лицензиясын кайтарып берет.

Буга чейин эле Бразилияда өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алып, кийин канынан допинг табылды деп лицензиядан кол жууган грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев кайрадан допинг тест тапшырып, Олимп жолдомосун кайтарып алуу аракетин көрүп жаткан эле. Бул мүчүлүштүктү жоюу үчүн адвокат жалдап "Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү" (UWW) уюмуна кайрадан кат жолдонгон.Ал тургай балбан Жанарбек Кенжеев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранган.

"Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү"(UWW) уюму Олимп оюндарына катышуу лицензиясына киргизген санкциясын жокко чыгарды. Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев менен катар, "Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү" (UWW) уюму Польша,Украина, Монголиянын 4 спортчусуна Бразилия Олимп оюндарына катышуу укугун кайтарып берди.  


Вернуться назад