Главная > Мир > Ысык-Көлдө кургакчылык коркунучу
Ысык-Көлдө кургакчылык коркунучу25 сентябрь, 10:28. Разместил: bn |
|
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдөгү Ысык-Көлгө коркунуч туудуруп жаткан кургакчылык маселесине көңүл буруп, эл аралык коомчулукту «шашылыш чара көрүүгө» чакырды. Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн жана аймактын эң маанилүү табигый мурастарынын бири болгон Ысык-Көлгө кургакчылык коркунучу жаралып жатканына көңүл бурду. Температуранын жогорулашы жана климатка байланыштуу өзгөчө кырдаалдар айыл чарбасына, энергетикага жана азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын белгилеген Жапаров: «Акыркы 170 жылда Ысык-Көлдүн суусунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөдү, ал эми акыркы 5 жылда төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жетти. Бүгүнкү күндө бул баа жеткис табигый суу сактагыч олуттуу климаттык басым алдында турат», — деди. Жапаров Ысык-Көл Теңир-Тоодогу (Тянь-Шань) мөңгүлөрдөн суу аларын эске салып, тарыхта көлгө куюп турган дарыялардын саны 101ден 30га чейин азайганын, акыркы 70 жылда мөңгүлөрдүн 30 пайыздан ашыгы эрип кеткенин жана бул азайуунун болжол менен 20 пайызы акыркы 7–10 жылда болгонун белгиледи. Ысык-Көлдү коргоо үчүн атайын «биргелешкен ишеним фондун» түзүүгө чакырган Жапаров Кыргызстан бул фондго мамлекеттик бюджеттен 10 миллион доллар бөлөрүн билдирди. Жапаров: «Биз жардам сурап жаткан жокпуз, биз глобалдык өнөктөштүктү сунуштап жатабыз. Ысык-Көл — бизге берилген аманат», — деди. «Санкция киргизүү укугу БУУга гана берилиши керек» Кыргызстандын президенти сөзүндө Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо маселесине да токтолуп, БУУнун Коопсуздук Кеңешин кеңейтүү зарылдыгын баса белгиледи. Калкы бир миллиарддан ашкан Африкага 2, Латын Америка өлкөлөрүнө 1 туруктуу мүчөлүк орун берүү адилеттүү болорун айткан Жапаров Кеңешке мүчө болууну каалаган башка өлкөлөрдүн сунуштары да каралышы керек деп эсептей турганын билдирди. Жапаров санкция киргизүү укугу БУУга гана таандык болушу керектигин баса белгилеп, БУУнун чечимдери системалуу түрдө аткарылбай жаткан учурларда Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү вето укугун колдонуудан баш тартышы керектигин айтты. Мөңгүлөрдүн эриши аймактык масштабда олуттуу экологиялык коркунуч жаратып жатканын белгилеген Жапаров тоолуу аймактардын климаттык көйгөйлөрүнө глобалдык чечимдерди издөө максатында 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкекте өтө турган II Глобалдык тоо саммитине — «Бишкек+25ке» бардык катышуучуларды чакырды.
Анадолу агенттиги Вернуться назад |