Главная > Всемирные игры кочевников / Новости "Медиа Манас" > VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ат чабыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ат чабыштын жеңүүчүлөрү аныкталды


9 сентября, 16:39. Разместил: sharizat

Спортчулар кыска аралыкка ат чабыш, бышты жорго, жорго салыш, кунан чабыш жана аламан байге боюнча күч сынашты.

Кыска аралыкка ат чабышта 1600 метр аралыкта Тажикстандан келген Хутулун биринчи орунду ээлеп, 1 млн сом байге алды. 2400 метрде Казакстандын Зерек, ал эми 3200 метрде Берил Рэйсер аттары жеңишке жетти.

Бышты жоргодо 6000 метр аралыкты Кыргызстандын Эрке аты биринчи болуп басып өттү.

Ал эми 11 миң метрлик жорго салышта кыргызстандык Акжолтой жеңүүчү аталып, 1,5 млн сомдук баш байгеге ээ болду. Экинчи орунду Императрица, үчүнчү орунду Орусиянын Энесай аты алды.

12 миң метрлик кунан чабышта Казакстандын Нұршашу аты биринчи келсе, экинчи орунду кыргызстандык Париж ээледи.

Эң узак аралыктагы 25 миң метрлик аламан байгеде Казакстандын Айман аты алдыга чыгып, 1,5 млн сомдук баш байгени жеңип алды. Экинчи жана үчүнчү орундарды Көксерек менен Карагаш ээлешти.

Ат чабыштын бардык түрлөрүндө жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине жалпы белгиленген тартипте акчалай сыйлыктар тапшырылды.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы ат чабыштар улуттук ат оюндарын даңазалап, күлүк аттардын күчүн жана чабандестердин чеберчилигин дагы бир ирет көрсөттү.

 


Вернуться назад