Главная > Всемирные игры кочевников / Новости "Медиа Манас" > Көчмөндөрдүн Улуу балбаны
Көчмөндөрдүн Улуу балбаны9 September, 15:53. Разместил: sharizat |
|
6-сентябрда «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөрдүн Улуу балбаны» аталышындагы мелдеш өттү. Абсолюттук салмак категориясында өткөн таймашка күрөштүн 14 түрү боюнча жеңишке жеткен балбандар катышты. Кыргызстандык балбан Бактияр Мирлан уулу мелдештин жүрүшүндө 14 атаандашын жеңип, суперфиналга чыкты. Суперфиналда ал V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү, Орусиялык балбан Монгуш Айдын менен күч сынашты. Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу атаандашына жеңилип калды. Ошентип, «Көчмөндөрдүн Улуу балбаны» наамын Монгуш Айдын жеңип алды. Ага 1 миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми Бактияр Мирлан уулу мелдештин жыйынтыгында алтын медаль менен сыйланды. Вернуться назад |