Главная > ТЕМА / Телеподкаст > Режеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк Достук ооруканасы
Режеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк Достук ооруканасы18 февраля, 12:47. Разместил: sharizat |
|
Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын ишмердүүлүүгү тууралуу маек курдук.
“Тема” программасында Режеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын башкы дарыгери Адлан Олсун, саламаттыкты сактоо кызматтарынын жетекчиси Эбру Думан, жугуштуу оорулар боюнча адис Дилек Йылмаз жана кардиология боюнча адис Мирза Жалилов катышып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү, көрсөтүлүп жаткан кызматтар жана бейтаптарга түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат беришти.
Маектин жүрүшүндө адистер заманбап медициналык жабдуулар, диагностика жана дарылоо ыкмалары, ошондой эле жугуштуу ооруларды алдын алуу жана жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту.
Ошондой эле оорукананын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошуп жаткан салымы белгиленди.
Программаны толук бул жактан көрүңүздөр:
Жазган: Элдияр Асылбеков Вернуться назад |