Главная > Мир > Түрк мамлекеттеринин жогорку көзөмөл органдарынын союзу түзүлдү

Түрк мамлекеттеринин жогорку көзөмөл органдарынын союзу түзүлдү


22 ноябрь, 12:51. Разместил: bn

Түрк мамлекеттеринин жогорку көзөмөл органдарынын союзу (TURKSAI) түзүлдү

Мамлекеттер аралык кызматташууну чыңдоону максат кылган Түрк мамлекеттеринин жогорку көзөмөл органдарынын союзу (TURKSAI) Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын эсеп палаталарынын жетекчилеринин катышуусу менен түзүлдү.

Түркиянын Эсеп палатасынын төрагасы Метин Йенер TURKSAI уюмун түзүү боюнча документтерге кол коюлушу менен орток тарыхы, тамыры жана баалуулуктары бар өлкөлөрдүн жогорку көзөмөл органдарынын ортосундагы кызматташтык жана тилектештик жаңы деңгээлге көтөрүлөрүн белгиледи. Ал төмөнкүлөрдү баса белгиледи: «Түрк дүйнөсүнүн күч-кубатынын өсүшү бизге, көзөмөл органдарына, дагы чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу, үнөмдүү жана мыйзамдуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн аудиттин жалпы ыкмасын иштеп чыгуу жана мамлекеттерибизди келечекке ишенимдүү жетектөө - бул эми тандоо эмес, зарылчылык».

Ошондой эле ал көзөмөл органдарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөөнүн, туруктуу байланыштарды көбөйтүүнүн, биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүнүн жана билим берүү программалары аркылуу институционалдык байланыштарды чыңдоонун маанисин белгиледи. Түрк мамлекеттеринин жогорку көзөмөл органдары үчүн кызматташууну бекемдөөгө өзгөчө мүмкүнчүлүк ачылып жатканын белгилеген Йенер төмөнкүлөрдү кошумчалады:«Бул алкакта биргелешкен билим берүү программалары, жалпы аудитордук долбоорлор, санариптик аудит инфраструктурасын чыңдоо, жасалма интеллект жана маалыматтарды талдоо жаатындагы биргелешкен илимий-изилдөө ошондой эле аудиторлорду алмашуу программалары бизди жеке деңгээлде да түрк дүйнөсүнүн потенциалын жогорулатуу жагынан да бекемдейт».

Йенер мамлекеттердин туруктуулугу адилеттүүлүккө, тартипке жана ачык-айкын жоопкерчиликке байланыштуу экенин белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты: «Кызматташуубузду чыңдоо мекемелерибиздин өнүгүшүнө гана эмес, мамлекеттерибиздин жыргалчылыгына, коомдорубуздун тынчтыгына жана жалпы келечегибиздин пайдубалын бекемдөөгө салым кошот.»

Программанын алкагында Азербайжандын Эсеп палатасынын төрагасы Вугар Гулмамеддов, Казакстандын Эсеп палатасынын төрагасы Алихан Смаилов, Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, Өзбекстандын Эсеп палатасынын төрагасынын орун басары Аллаберганов Атабек Валижанович, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев куттуктоо сөздөрү менен чыгышты.

Аземдин жүрүшүндө Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын эсеп палаталарынын төрагалары TURKSAI уюмун түзүү жөнүндө уюштуруучу декларацияга кол коюшту.

Иш-чарага ошондой эле Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы Осман Корахан жана Стамбул шаарынын губернатору Давут Гюль катышты.

 


Вернуться назад