Главная > Культура > Бишкек шаарында Татарстан Республикасынын кино күндөрү өтөт

Бишкек шаарында Татарстан Республикасынын кино күндөрү өтөт


6 август, 13:23. Разместил: gulzira

2025-жылдын 8–9-10-август күндөрү Бишкек шаарында Татарстан Республикасынын кино күндөрү өтөт. Бул маданий иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти жана “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борбору уюштурууда.

Иш-чара Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган. Кино күндөрүнүн алкагында Бишкек шаарынын тургундары менен коноктору татар тасмаларын акысыз көрүп, татар элинин турмушу, салт-санаасы жана чыгармачылыгы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

Программада орун алган тасмалар:

8-август – “Немая кукушка”, реж. Рауф Кубаев Өзгөчө стили менен айырмаланган, терең символизмге бай психологиялык драма.

 

9-август – “Гора влюблённых”, реж. Салават Юзеев Романтикалык сюжетке негизделген, сүйүү жана табият темаларын чагылдырган философиялык тасма.

 

10-август – “Я приду”, реж. Булат Сабитов Үй-бүлө, кечиримдүүлүк жана өз жолуңду табуу тууралуу фильм.

 

Бардык кинолор “Ала-Тоо” кинотеатрында саат 18:00дө башталат. Кирүү акысыз.


Вернуться назад