Главная > Новости "Медиа Манас" / Жизнь / Образование / Блоги > КОЛ ЭМГЕКТИН ПСИХИКАЛЫК ДЕН СООЛУК ЖАНА БАКУБАТТУУ ТУРМУШ CҮРҮҮ ҮЧҮН МААНИСИ
КОЛ ЭМГЕКТИН ПСИХИКАЛЫК ДЕН СООЛУК ЖАНА БАКУБАТТУУ ТУРМУШ CҮРҮҮ ҮЧҮН МААНИСИ6 декабря, 09:41. Разместил: sharizat |
Др. Салтанат Кыдыралиева /@kaplan.psychology
Кол эмгеги жана кол өнөрчүлүктүн күнүмдүк жашоодо колдонулушу жана стрессти башкаруу.
Күнүмдүк жашоодо кездешкен стресс, тынчсыздануу жана депрессия сыяктуу эмоционалдык кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн кол эмгеги жана кол өнөрчүлүк сыяктуу өз (алдынча) терапия ыкмалары натыйжалуу жана оңой колдонула турчу жолду сунуштайт. Кол эмгеги менен алектенүү, адамдарга өз ойлору жана сезимдерин сыртка чыгарууга, ошондой эле адамдын өзүнө кам көрүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана руханий чыдамкайлыкты арттырууга жардам берет. Айрыкча, күнүмдүк жашоодо кол эмгеги менен алектенүү адамдарга "дем алуу" аймагын түзүүгө же “эс алуу” убакыт тилкесин жаратууга жардам берет. Туура эмес темпте иштеген, көп социалдык милдеттери бар кишилер кол эмгеги менен алектенүү аркылуу эс алып, жеке мейкиндигине кирип, эмоционалдык чыңалууларын азайта алат. Мындай чыгармачыл иш-чаралар психикалык ден соолукту тең салмактуу кылууга жана сактоогo жөнөкөй, бирок натыйжалуу курал болуп саналат.
Кол эмгеги жана кол өнөрчүлүктүн жакшы болууга тийгизген узак мөөнөттөгү таасири. Кол эмгеги жана кол өнөрчүлүк, кыска мөөнөттө стрессди азайтуучу таасирди камсыз кылып тим болбостон, узак мөөнөттө да адамдын жалпы жакшы болушун колдойт. Туура уюштурулган чыгармачыл иш-чаралар, адамдарга өзүнө ишенүүнү, чыдамкайлыкты жана өзүн-өзү тартипке келтирүүнү өркүндөтүүгө жардам берет. Мындан тышкары, ийгиликтүү бүткөрүлгөн кол эмгеги долбоору адамда ийгилик сезимин жаратат жана бул жалпы бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга жардам берет.
Кол эмгеги ошондой эле социалдык байланыштарды бекемдеген иш-аракет болушу мүмкүн. Топ менен аткарылган кол өнөрчүлүк иш-чаралары адамдарга башкалар менен өз ара аракеттенүүгө жана эмоционалдык колдоо алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул социалдык өз ара аракеттенүүлөр психикалык ден соолук жана жакшы болуш абалына оң таасир калтырат.
Эмоционалдык жана психикалык ден соолукту сактоо үчүн өз терапия жүргүзүү - бул адамдардын психикалык ден соолугун сактоо жана жакшыртуу үчүн өз алдынча колдонула турган таасирдүү ыкма. Кол эмгеги жана кол өнөрчүлүк, бул процесстин маанилүү куралдарынын бири катары, психикалык ден соолукка жана жакшы болушка терең таасир тийгизет. Чыгармачылык жана кол өнөрчүлүктүн терапия күчү, стресс менен күрөшүүгө, эмоциялык тең салмактуулукту сактоого жана жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет. Күнүмдүк жашоодо мындай чыгармачыл иш-чараларды жайгаштыруу, адамдарга психикалык эс алуу жана эмоциялык айыктыруу боюнча пайда алып келиши ырас. Ошондуктан, кол эмгеги жана кол өнөрчүлүк, өз терапиянын күчтүү жана баалуу куралы катары каралышы керек. Вернуться назад |