Главная > ТЕМА / Телеподкаст > Борбордук Азия ЖОЖдорунун ректорлорунун III форуму
Борбордук Азия ЖОЖдорунун ректорлорунун III форуму27 ноября, 09:57. Разместил: sharizat |
2024-жылдын 23-ноябрь күнү «Манас» телеканалынын «Тема» берүүсүндө Бишкекте болуп өткөн Борбордук Азия ЖОЖдорунун ректорлорунун III форумунун катышуучулары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Алпаслан Жейлан, Казакстандын Бөкетов атындагы Караганды университетинин ректору Нурлан Дулатбеков жана Өзбекстандын Наманган курулуш-инженердик институтунун ректору Шариббой Эргашев конок болушуп, болуп өткөн форум жана Түрк өлкөлөрү арасындагы мамилелер жөнүндө маек куруп беришти. Эфирде ректорлорубуз бул жылдагы форумда алдыга биргеликте кылынуучу көптөгөн пландар, келишимдер түзүлгөнүн жана азыркы атаандаштык заманында кантип бирдиктүү боло алуубуз жөнүндө кеп кылынганын, бул форумдун Түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдү дагы да бири-бирине жакындатышын айтышып, аны менен бирге эле иштелип чыгып жаткан орток алфавиттин да пайдасын айтып өтүштү. Сөз соңунда: «Биздин тарыхыбыз бир болгон, жаштарыбыз тарыхты окуп, ата-бабаларыбыздын жолун улап, достугубузду бекемдеп, дагы да улантып, урпактарга өткөрүп берүүлөрү керек. Биз бири-бирибизди жакшы түшүнө алабыз, ошондуктан, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, ар дайым ынтымак болуубуз керек. Азыр билим өтө маанилүү, бул себептүү, билим алгыла. Келечек жаштардын, силердин колуңарда, биз силерге ишенебиз,» – деп жаштарга өз насааттарын, каалоолорун айтып кетишти.
Жазган: Айтумар Ибраимова Вернуться назад |