Главная > ТЕМА / Телеподкаст > КЫРГЫЗСТАН АЙЫМ РЕЖИССЁРЛОРУНУН VI ЭЛ АРАЛЫК КИНОФОРУМУ
КЫРГЫЗСТАН АЙЫМ РЕЖИССЁРЛОРУНУН VI ЭЛ АРАЛЫК КИНОФОРУМУ22 ноября, 09:13. Разместил: sharizat |
2024-жылдын 20-ноябрь күнү “Манас” телеканалынын”Тема” берүүсүндө “Азия чыгармачыл айрымдары” коомдук фондунун төрайымы, режиссер, Асель Жураева жана Кыргызстан айым-режиссерлорунун VI эл аралык кинофорумунун уюштуруучусу Назгүл Долоткелдиева конок болуп, алдыдагы VI кинофорум актриса, кинорежиссер, сценарист Клара Юсупжанованын элесине арналат. Эфир жүрүшүндө меймандарыбыз: “Бул ишти биз айым-режиссерлор бири-бирибизди колдоо, гендердик стереотиптерди жоюу, жана ошондой эле коңшу өлкөлөр менен биргеликте иштешип, фильмдерибизди таанытуу максатында баштаганбыз. 7-8 жылдан бери жыл сайын өткөрүп келебиз, чоң өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр болду. Эртеңки кинофорумга да коңшу өлкөлөрүбүздөн айым-режиссерлор келишип, тасмаларды биргеликте талкуулап, форум мыкты деңгээлде өтөт деп ойлойбуз. Жыл сайын кызыккан адамдардын, конокторубуздун саны артууда. Бишкекте гана эмес, башка облустарда да өткөрсөк деген пландарыбыз бар. Дагы да мындан башка көп иштерди баштайлы деген ойлорубуз да жок эмес, бирок, биз үчүн эң чоң көйгөйлөрдүн бири – каражаттын жетишсиздиги болуп жатат... Баса белгилеп айтчу нерсе – коомубузда кыздар турмушка чыгып, үй-бүлө куруп, үйдө отуруусу керек деген түшүнүк бар. Балким ошол үчүндүр, көпчүлүк айымдарга үй-бүлө тарабынан колдоо көрсөтүлбөй, көптөгөн таланттар көмүскөдө калууда... Ошол түшүнүктөрдү жоюп, айымдарга да жол ачуубуз керек,” – деп сөзүн жыйынтыкташты.
МАЕКТИ ТОЛУГУ МЕНЕН АЛДЫДАГЫ ШИЛТЕМЕДЕН КӨРӨ АЛАСЫЗ Жазган: Айтумар Ибраимова Вернуться назад |