Главная > ТЕМА / Телеподкаст > Түрк кино жумалыгы
Түрк кино жумалыгы1 ноября, 13:43. Разместил: sharizat |
Режиссёр Мустафа Угур Ягжыоглу: “Кыргызстанда жүрүп, өзүмдү өз өлкөмдө жүргөндөй эле сезинип жатам. Ал эми менин “An(Учур)” аттуу тасмам жөнүндө айта кетсем, ал башка тасмалардан айырмаланып турат. Тасманын ичинде бүтүн жашообуздун өзү тасма болгонун көрүүгө болот. Ушул жаатта да эки эл биргелешип иш алып барсак абдан жакшы болот. Мисалы, Кыргызстан жаштары бизге барып, практика кылып, көп нерсени үйрөнүшсө абдан жакшы. Биздин эшигибиз силер үчүн ар дайым ачык,” – деп сөзүн жыйынтыктады. Сценарист Эмре Кавук да бул нерселер жөнүндө: “Тасмаларымдын бири “Daha iyi yarın(Эртең жакшыраак)” тасмасы. Бул фильмде жашообузга социалдык тармактардын келиши менен адамдар арасындагы мамиленин алсызданганы жөнүндө көрсөтүлөт. Мисалы, майрамдарда, жакшы учурларда социалдык тармактар аркылуу гана куттуктоолор. Тасмалар биздин жашообузда чоң ролду ээлейт. Ошондуктан, аны тартуудан дагы сценарийин жазып чыгуу өтө маанилүү жана көп убакытты талап кылат. Ошондуктан, жаштар жакшы билим алып, биз менен чогуу жүрүп үйрөнүштөрү керек,” – деп өз ой-пикирин билдирди.
Жазган : Айтумар Ибрагимова
Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз Вернуться назад |