Главная > ТЕМА / Телеподкаст > Ааламдашууда түрк дүйнөсүнүн орду
Ааламдашууда түрк дүйнөсүнүн орду31 октября, 13:54. Разместил: sharizat |
Эфирдин жүрүшүндө алаамдашууда түрк дүйнөсүнүн орду, түрк тилдүү элдердин мамилелери, тилдери, азыркы учурда жалпы түрк тилдүү элдердин кылып жаткан иш-аракеттери жөнүндө кеп кылып берип, жана ошондой эле ата-бабаларыбыздын бизге калтырган тарыхы сыяктуу, биз да урпактарыбыз үчүн тарых жаратып жатканыбызды айтып өттү. Профессор Иляс Топсакал:”Түрк мамлекеттерибиз эгемендүүлүккө жеткенден бери, дагы да бири-бирине жакындашты. Биргеликте ар кандай иштерди алып барып жатышат, эл аралык университеттер түптөлдү. Ата-бабаларыбыз эгемендүүлүккө жетүү үчүн аракет кылып, ар кандай иштерди кылышса, биз болсо андан кийин аскердик күчтөрүбүздү бекемдөө, экономикабызды өнүктүрүү жана башка ушул сыяктуу иштерди кылып жатабыз. Албетте биздин кылган иштерибиздин баары идеалдуу эмес, мисалы, учурдун чоң көйгөйлөрүнүн бири, тилибизди жакшы колдоно албай жатабыз. Издей берсек ката табыла берет, бирок, бардык нерсени жакшы жагынан көрө билишибиз керек. Түрк тилдүү мамлекеттеринин жыйынында баары болбосо да, Кыргызстандындын, Өзбекстандын, Азербайжандын өлкө башчылары өз тилдеринде чыгып сүйлөгөндөрү кубандырды. Азыр дүйнө өтө тез өнүгүп жатат. Жасалма интеллект келгенден бери да көп өзгөрүүлөр болду. Азыр технология өнүккөн, мурдагыдай эмес, жашоо кыйла жеңилдеп калды, бирок, ошону менен бирге эле кооптуу да болуп баратат. Бул өнүгүү учурунда Түрк мамлекеттеринин орду да өтө чоң. Биз, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, аймагыбыз кичине болгону менен ордубуз өтө чоң, биздин тынчтыгыбыз, бүткүл дүйнөгө таасир берет. Ошондуктан кандай учур болбосун бири-бирибизге көмөк көрсөтүп, колдой билүүбүз керек. Либерализм жөнүндө кеп кылсак, 2010-жылга чейин либерализм үчүн бүткүл дүйнө күрөшүп, аракет кылып келди, кийинки учурдун абалын өзүбүз көрүп олтурабыз. Либерализм, Кытай, Америкада да жашай алган жок. Биз соода жактан да иштешип, өз алдыбызча өнүгүүгө аракет кылуубуз керек…” – деп оз оюн билдирди. Сөз соңунда Иляс Топсакал: “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери өтө жолдуу, анткени, бул жерде ар кайсы улуттун адамдары менен окуп, жаңы маданият менен таанышып, дүйнө таанымы кеңеет. “Манас” университетинин жолу Манас атабыздын жолу сыяктуу кең болот деп ишенем. Азыркы тез өнүккөн ааламда тил билүү абдан маанилүү, ошондуктан болушунча тил уйрөнүүңөр керек. Бирок, кандай күн болсо да, канча тил билсеңер да, өз тилиңерди, элиңерди, өлкөңөрдү унутпагыла,” – деп, жаштарга өз насаатын айтып кетти.
Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз
Жазган: Айтумар Ибрагимова Вернуться назад |