Главная > Мир > Фахреттин Алтун: Түркияда жергиликтүү шайлоолор - демократия жолундагы маанилүү этап

Фахреттин Алтун: Түркияда жергиликтүү шайлоолор - демократия жолундагы маанилүү этап


30 март, 11:34. Разместил: bn

Таза, ачык-айкын жана туруктуу өткөрүлүүчү шайлоолор - заманбап демократиянын эң негизги элементи. Демократиялык мамлекеттердин маанилүү талабы – башкаруучулар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын шайлоочулардан алышы. Бул ыйгарым укуктар улам кезектеги шайлоолор аркылуу жаңыланат. Калк шайлоо аркылуу башкаруучулардын саясатын жана ишмердүүлүгүн баалап, аларга оң же терс добушун берет.

Түркия 1946-жылы көп партиялуу системага өткөрүлгөндөнбери туруктуу, таза жана ачык шайлоолор өткөрүлгөнөлкөлөрдүн бири болуп келет. Түркияда шайлоолор Жогорку шайлоо кеңеши (YSK) аркылуу көз карандысыз соттордун көзөмөлүндө өткөрүлөт. Ошондуктан Түркиядашайлоо коопсуздугун жана жарандардын урнага болгон ишенимин камсыз кылган саясий маданият өнүккөн.

Түркиядагы шайлоого жана урналарга болгон ишенимди шайлоого катышуу көрсөткүчтөрүнөн байкоого болот. Түркия 2023-жылдын 14-майында өткөрүлгөн президенттик жана парламенттик шайлоолор менен Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна (OECD) кирген өлкөлөрдүн ичинен шайлоого катышуу көрсөткүчү боюнча эң алдыңкы үчүнчү өлкө болду. Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин (YSK) маалыматы боюнча, 14-майдагы шайлоого катышуу көрсөткүчү 88,92% болсо, 28-майда өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда бул көрсөткүч 85,72%ды түздү. OECD менен Эл аралык Демократия жана Шайлоого Жардам Институтунун (IDEA) маалыматына караганда Түркия 14-майдагы шайлоого катышуу көрсөткүчү менен АКШ, Франция, Германия жана Улуу Британия сыяктуу көптөгөн батыштык OECD мүчөлөрүн артта калтырды. Бул маалыматтардын дагы бир таң калыштуу тарабы Түркиядагы шайлоого катышуу көрсөткүчү Швеция, Дания, Жаңы Зеландия, Исландия, Нидерландия жана Норвегия сыяктуу шайлоого 80 пайыздын тегерегинде катышкан өлкөлөрдүкүнөн да жогору болду.

Түркияда 31-март жекшемби күнү жергиликтүү бийликтердин жалпы шайлоосу өтөт. Түркиянын демократиялык баалуулуктарга берилгендигин жана жергиликтүү өз алдынча башкарууларга болгон инновациялык көз карашын көрсөткөн 31-марттагы жергиликтүү шайлоо улуттук жана эл аралык аренада чоң мааниге ээ. Ошол эле учурда шайлоо процессинде коопсуз жана адилеттүү шарттарда жүргүзүлгөн кампаниялар Түркиянын жергиликтүү органдарга өзгөчө маани берген,демократиялык жактан жетилген алдыңкы өлкөлөрдүн бири экендигин көрсөтүп турат.

Элдин муктаждыктарын жана суроо-талаптарын канааттандырууда эң биринчи тирөөч болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карашынынзамандын шартына ылайык болушуна өзгөчө маани берерибизди билдиргим келет. Бул процесс элдин демократиялык катышуусу менен жергиликтүү башкаруу органдарынын байланышын чыңдоодо негизги ролго ээ экендиги талашсыз.

Биздеги муниципалитеттик түшүнүктүн өзгөчөлүгү - бул адамдардын жашоо сапатын жогорулатууну, ачык-айкындуулукту, жоопкерчиликти, эң негизгиси туруктуу өнүгүү долбоорлору менен бирге жарандарга биринчи орунга койгон башкаруу системасын курууну көздөгөндүгүндө. Бул көз караштын биринчи кадамы жана конкреттүү мисалы - 1994-жылдагы жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгы менен Стамбул шаардык мэриясын башкаруу милдетин алган президентибиз Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде Түркия, муниципалдык башкаруу тармагында элдин жашоо сапатын жогорулатуугакарай маанилүү кадамдарды таштады. Мындан 30 жыл мурда президентибиз тарабынан жолго коюлган кызмат көрсөтүү саясатын жана көз карашын улантуу биздин муниципалитеттердин негизги саясий көз карашын түзөт. Мындан улам, алдыдагы жергиликтүү шайлоолор аркылууаталган көз карашты жана кызмат көрсөтүү түшүнүгүнсактоо улуттук жана эл аралык аренада демократиялык баалуулуктарды жана коомдук бүтүндүктү дагы да бекемдейт деп ишенебиз.

2024-жылдын 31-мартындагы жергиликтүү шайлоолорду Түркиянын демократия жолундагы маанилүү этап катары эсептейбиз. Бул шайлоону Түркиянын аймактык лидерлик көз карашын күчтөндүрүүдөгү дагы бир кадамы деп ойлойбуз жана өлкөбүздүн демократиялык жетилгендигин жана социалдык катышуусун арттырган маанилүү бир иш-чара катары кабыл алабыз. Мындан тышкары, мурунку бардык шайлоолор сыяктуу бул шайлоолор да түрк калкынын демократиялык процесстерге дагы да жигердүү катышуусуна шарт жана биздин демократиянын чыңдалышына салым кошот.

31-марттагы шайлоонун дагы бир маанилүү жагдайы булшайлоолордон кийин 4 жылдын ичинде жаңы шайлооөткөрүлбөйт. Түркия бул 4 жылда президентибиз РежепТайип Эрдогандын жетекчилигинде башталган өнүгүүдемилгелерин токтосуз уланта берет. Акыркы жылдардабайланыш, дипломатия, экономикалык өнүгүү,инфраструктуралык инвестиция сыяктуу ар кыл тармактакөрсөтүлгөн кызматтар уланат. Мындан тышкары Түрккылымын жаңы, жарандык конституция менен баштоомаксаты алдыдагы 4 жылдын эң маанилүү идеалы жана күнтартиби болот.

Түркия бул көз караштын алкагында демократиялыкстандарттарын көтөргөн, кирешесин жана жыргалчылыгынжогорулаткан аймактык жана глобалдык орунга ээ болууталабы менен Түрк кылымын куруу үчүн аракет кылат. Түрк дүйнөсүндөгү аймактык кызматташтыкты жанаөнөктөштүктү арттырып, Түрк кылымынын түрктөрдүнкылымы болушун камсыз кылуу бул мезгилде дагыприоритеттүү багыттарыбыз болуп кала берет. Түркмамлекеттери уюмунун түрк дүйнөсүнүн көйгөйлөрүнөтуруктуу чечим табуу жана таасир этүү - биздин эң негизгисаясий урааныбыз. Мындан тышкары, дос жана боордоштүрк дүйнөсүнөн Түркиянын саясий сезимталдуулугун эскеалып, өзгөчө ФЕТО жана ДЕАШ сыяктуу террордукуюмдар менен күрөшүүнү күтөбүз.

Түркия 31-марттагы шайлоону ийгиликтүү өткөрүү менендемократиялык маданиятын айгинелейт жана Стамбул, Анкара баш болгон шаарларды, бардык облустарды Түрккылымына даярдайт. Улуттук өнүгүү, 6-февралдагы жертитирөөдөн жабыркаган шаарлардын жандануусу жанакурулушу, Стамбул сыяктуу жер титирөө коркунучу жогоруболгон шаарлардын туруктуу шаарга айлантуу шайлоодонкийинки эң маанилүү багытыбыз болот.

Түркия ушул убакка чейин болуп келгендей эле мындан ары да шайлоолорун демократиялык жол-жоболор алкагындаөткөрөт, бийлик же оппозиция экенине карабай урналардынжыйынтыгына урмат көрсөтөт жана эң негизгиси эл аралыкаренада стабилдүү күч катары Түрк кылымын куруунуулантат. Андыктан 31-марттагы жергиликтүү шайлоолордуички жана тышкы динамиканы эске алуу менен Түркиянынкелечегине он жылдыгына таасир этүүгө багытталганшайлоо деп айтууга болот.

 

Фахреттин Алтун – Түркиянын Президентинин Коммуникация башкармалыгынын директору


Вернуться назад