Главная > Новости "Медиа Манас" > Бишкекте мектеп көйгөйү чечилбей келет

Бишкекте мектеп көйгөйү чечилбей келет


25 мая, 15:09. Разместил: sharizat

№43 мектеп 2008-жылы курулган, алгачында 198 окуучуга ылайыкталган мектепте бүгүнкү күндө 1300 бала билим алууда.

“Окуу процесси таңкы саат 08:00дө башталып 12 саатка созулат. Мектеп керектүү мерчемден ашып кеткендигине байланыштуу башалгыч класстар 5 смена менен, жогорку класстар 3 смена менен окуушат. Мындан сырткары бизге “Дордой”, “Дордой-2”, “Ак-Жар” конуштарынан да балдар келип окушат. Бул абалдан бир гана балдар эмес, мугалимдер да жабыр тартып келишет. Алар тынымысыз 12 сааттан иштешет.”-деп мектеп директору Жамалкан Исмаилова билдирди.

Бул көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу жаңы мектеп куруу. Бирок мектеп куруу үчүн каражат табылды. Ал эми бөлүнүп берилген жер талашка түштү. Ал жердин ээси 49 жылга ижарага алып, кийин сатып алган. Эгерде мериядан башка аймактан жаңы жер бөлүнүп берилсе, мектеп куруу үчүн жерди берүүгө макулдугун берген. Эми бул чоң бир көйгөйгө айланып, бийлик тарабынан көнүл бурулбай жатат. Билим алам деген балдар, жумушун туруктуу аткаргысы келген мугалимдер, балдары үчүн коркуп отурган ата-энелер, керектүү органдар тарабынан бул маселе чечилет деген ишениште.


Вернуться назад