Главная > Мир > Түркиянын жээктеринде 84 ден ашуун мигрант куткарылды
Түркиянын жээктеринде 84 ден ашуун мигрант куткарылды3 июль, 15:07. Разместил: bn |
|
Афганстандык мигранттар түшкөн үйлөмө кайыктар Греция тараптан суу аркылуу Түркияны көздөй жөнөтүлгөн. Түркиянын түндүк-батышындагы Чанаккале провинциясынын Айважык районунун жээгиндеги Эгей деңизинде жалпы 84 мыйзамсыз мигрант куткарылды. 1-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:50дө Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы Айважык аймагынын жээгинде качкындар салынган үйлөмө кайык бар деген билдирүү алган. Аталган маалыматтан кийин окуя болгон жерге Түркиянын Жээк коопсуздук кызматынын TCSG-6 катери жөнөтүлгөн. Операциянын натыйжасында 37 адам аман калган. Экинчи билдирүү ошол эле күнү жергиликтүү убакыт боюнча 12:24тө келип түшкөн. Белгиленген аймакка КB-20 жана КB-4304 кайыктары менен куткаруучулар барып, алар 47 мыйзамсыз мигрантты куткарып калууга жетишкен. Тиешелүү процедуралардан өткөндөн кийин мыйзамсыз жүргөн 84 мигранттын баары жергиликтүү миграция бөлүмүнө жеткирилди. Вернуться назад |