Главная > Университет > КТМУ менен Туран университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү

КТМУ менен Туран университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү


17 апрель, 19:49. Разместил: bn

Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Туран университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Келишимге Туран университетинин ректору, профессор Рахман Алшанов жана КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан кол койду.

Келишимде окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдѳѳ иштерин жүргүзүү, студенттердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, ошондой эле кызматташтыктын алкагында маданий, илимий иш-чаралар уюштуруу иштери каралган.


Вернуться назад