Главная > Университет > Академиялык иштерди баалоо жаатында жыйындар уланууда
Академиялык иштерди баалоо жаатында жыйындар уланууда10 апрель, 17:36. Разместил: bn |
|
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окуу бөлүмдөрүндө академиялык иштерди баалоо жаатында жыйындар ѳтүп жатат. Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2023-жылдын 10-апрелинде гуманитардык жана жана спорт илимдери факультеттеринин профессордук-окутуучулук курамы менен жолукту. Жыйында академиялык иштерди баалоонун учурдагы абалы жана келечектеги ѳзгѳрүүлѳрү боюнча маалыматтар берилди жана жакынкы келечекте жасала турган иштерди жакшыртуу боюнча алгылыктуу сунуш-пикирлер айтылды. Белгилей кетсек, Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөдөгү университеттердин рейтингинде эң мыкты 1422 университеттин ичинде 801-орунга ээ болгон. “Манас” университети 2024-жылы дүйнөдөгү 500 университеттин катарына кирүүнү максат кылат. Вернуться назад |