Главная > Новости "Медиа Манас" > “Ак илбирс” ээлерин тапты

“Ак илбирс” ээлерин тапты


16 мая, 09:16. Разместил: sharizat

13-майда “Манас” кинотеатрында V “Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда “Ника” сыйлыгынын лауреаты “Сүтак” тасмасы 10 номинация боюнча сыйлыкка татыды. Эң мыкты монтаж – “Сүтак” тасмасы, Элдияр Мадаким Мыкты көркөм сүрөтчү – “Сүтак” тасмасы, Адис Сейталиев Мыкты үн режиссеру – “Сүтак” тасмасы, Мурат Ажиев Мыкты композитор – “Сүтак” тасмасы, Мурзали Жээнбаев Мыкты эркектин ролу – “Сүтак” тасмасы, Табылды Актанов Мыкты аялдын ролу - “Сүтак” тасмасы, Анара Назаркулова Мыкты оператор - “Сүтак” тасмасы, Талант Акылбеков Мыкты сценарий - “Сүтак” тасмасы, Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров Мыкты режиссер - “Сүтак” тасмасы, Мирлан Абыкалыков Мыкты тасма – “Сүтак” тасмасы, режиссеру Мирлан Абдыкалыков, продюсер Садык Шер Нияз Ал эми 2015-жылдын алгачкы тасмасы “Бир тууганчик”(Режиссерлору: Аскат Табалдиев, Данияр Болотбеков) көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон номинация менен сыйланды. Мыкты даректүү тасма – “Дети чистоты”, режиссеру Гузель Дуйшенкулова Мыкты кыска метраждуу тасма – “Кольцо” Бакай Үсөналиев “Улуттук кинемотографияга кошкон зор салымы үчүн” - белгилүү кинооператор, кинорежиссер Нуртай Борбиев “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы бул убакытка чейин 14 категория боюнча тапшырылып келген. Бул жылы ага дагы эки номинация кошулду. Борбор Азиядагы мыкты тасма – “Дом для русалок”, режиссер Елкун Тойчиев, Өзбекстан Дүйнөлүк кинемотографияга кошкон зор салымы үчүн - атактуу актриса Наталья Аринбасарова сыйланды. “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы быйыл бешинчи ирет уюштурулуп жатат. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт.

Жазган: Гулзира Кеңешова

Cүрөттөр: Саламат Иманов


Вернуться назад