Главная > Мир > ТР Кыргызстандагы элчиси А. Доган маалымат жыйынын өткөрдү.

ТР Кыргызстандагы элчиси А. Доган маалымат жыйынын өткөрдү.


27 февраля, 19:06. Разместил: bn

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган маалымат жыйынын өткөрдү.

Чоң кырсыктагы кыйынчылыктар менен куткарылган өмүрлөр

Мамлекетибиз башынан өткөргөн бул кырсыкта биз менен бирге болуп, жардам берген Кыргызстанга, Кыргызстан элине жана Кыргызстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдирем. Биз башыбыздан өткөн жер титирөөдөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана эли Түркияга дароо жардам жиберди. Кыргызстандын издөө-куткаруу топтору учактын урандыларынан 8 адамды тирүү жана 198 адамдын сөөгүн чыгарышты. Оор шарттарда адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн жан үрөп иштеп жаткан Кыргызстандын издөө-куткаруу тобу Түркиядан акыркылардан болуп чыгып кетишти. 

Түрк дүйнөсү да чоң тилектештик көрсөттү

Элчи Ахмет Садык Доган: “Издөө-куткаруу топторунун арасында өлкөбүзгө барган 90 өлкөнүн арасында Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү да бар. Азыр бизде Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосунда кырсыктар менен күрөшүүдө кызматташуу механизми бар. Белгилүү болгондой, эки өлкө; Түркия менен Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар жана AFAT ортосунда жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда окуу иш-чаралары өткөрүлдү. Жер титирөөдөн мурун да бул сыяктуу окутуулар өткөрүлгөн. Ал эми кырсык жана жер титирөө боюнча курстук иштерди  өткөрдүк”.

Кыргызстандын  алыскы айыл жашоочулары жол оңдоого деген акчаларын да жардам катары тапшырышты.

 Кыргызстандын бардык аймактарынан келген боордошторубуз жүздөгөн километр жол басып, жер титирөөдөн жабыркагандарга жеткирүү үчүн көптөгөн жардам материалдарын ташышты.  Кыргызстан эли, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар, мекендештерибиз жана жарандарыбыз чогулткан 25,3 тонна керектүү буюмдар Түрк аба жолдору жана Pegasus Airlines авиакаттамдары менен өлкөбүзгө жеткирилди. Бул жерге Жалал Абад, Баткен сыяктуу алыскы жерлерден келгендер болгон. Бул жакка келгендер айылдарынын жолуна чогулткан жардам акчасын да беришкен. Дегеним, алар өздөрүнүн кыйын абалына карабай Түркия менен колундагыны бөлүшүштү. Албетте, булар биз унута турган нерселер эмес. Бул биздин канчалык жакын экенибизди жана эки тараптуу маиленин түзүлүүсүнө эмгек сарптаганыбызды көрсөтүп турат.


Вернуться назад