Главная > Мир > Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жер титирөө кырсыгына байланыштуу билдирүүсү

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жер титирөө кырсыгына байланыштуу билдирүүсү


6 февраля, 18:26. Разместил: bn

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жер титирөө кырсыгына байланыштуу билдирүүсү:

 "Бул апаатта каза болгон жарандарыбыздын жаткан жери жайлуу болсун, жаракат алгандар тезирээк сакайып кетишсин!

Кудай буюрса, бул кырсыкты өлкөбүз, калкыбыз биримдик жана ынтымак менен жеңет.
Азыр 85 миллион элибиз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруусу керек болгон учур.
Өлкөбүздөгү жана жер титирөө катталган бардык жерлердеги боордошторубузга сабыр жана кайраттуулук тилейм. Жараткан өлкөбүздү жана бүткүл дүйнөнү бул сыяктуу айттырбай келген кырсыктардан сактасын."


Вернуться назад