Главная > Университет > КТМУда сергек жашоого үгүттѳгѳн кышкы спартакиада оюндары башталды

КТМУда сергек жашоого үгүттѳгѳн кышкы спартакиада оюндары башталды


24 январь, 17:23. Разместил: baris

Үстүбүздѳгү жылдын 23-январында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында ѳткѳрүлүүчү спартакиада оюндары башталды.

«Спорт - ден соолуктун жана достуктун булагы» деген ураан менен сергек жашоого үгүттѳгѳн быйылкы спорттук спартакиада Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына арналат жана турнир 2023-жылдын 18-майына чейин улантылат.

Турнирдин катышуучулары; жеңил атлетика, футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, жыгач күрөш жана салттуу жаа атуу сыяктуу 8 багыт боюнча күч сынашат.


Вернуться назад