Главная > Университет > Манас университети 20 жашта

Манас университети 20 жашта


30 апреля, 03:50. Разместил: bulentnamal

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 20 жылдыгына арналган салтанат Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында белгиленди.

Майрамдык кечеге Түркиянын вице-премьер-министри Йылдырым Тугрул Тюркеш, Президенттик Аппараттын тышкы байланыштар жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, КРнын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева, КР Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, КР Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз,Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч, Борбордук Азиянын университеттеринин жана Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлору, студенттер жана ММКлардын өкүлдөрү катышты.

Манас университетин 20 жылдык мааракесине арналып, атайын даярдалган документалдык тасма менен башталган кече эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери, ачылыш сөздөрү жана куттуктоолор менен уланды.

Коноктордун каалоо-тилектеринен мурун Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Кемал Маденоглунун куттуктоо каты окулду.

Окуу жайыбыздын Камкорчулар кеңешинин төрагасы Кемал Маденоглу эки өлкөнүн биргелешип курган, заманбап доордо мыкты билим берген алдыңкы окуу жайы “Манас” университети кесипкөй адистерди даярдап, Кыргызстандын өнүгүүсүнө, кыргыз-түрк мамилелериндеги илимий, маданий жана социалдык багытындагы алгылыктуу иштеринде, Түрк дүйнөсүнүн ынтымагынын бекемделишиндеги орду чоң экендигин баса белгиледи. К. Маденоглу 2009-жылдан бери Орто Азиянын эң мыкты университетинде Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуу сыймык экендигин да кошумчалады.

КТМУ ректору, профессор Себахаттин Балжы кеченин ачылыш сөзүндө окуу жайдын мындай ийгиликтерге жетишүүсүнө чоң эмгек жана аракет жумшалганын белгилеп өттү. Ректор кыска заман аралыгында мындай зор ийгиликтерге жетишүү күн-түн дебей маңдай терин төккөн университеттин жамаатынын жана дүйнөнүн 5 континентинде 32 өлкөдө эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрүнүн аркасында жетишилгендигине токтолду.

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан 15 мүнөт өтпөй Түркия тарабынан бул эгемендүүлүктүн таанылышын белгилеген профессор Себахаттин Балжы эки өлкөнүн достугунун алгачкы белгиси Манас университети болгондугун айтты. “КТМУ бир гана Кыргызстан менен Түркияга эмес, жалпы эле түрк дүйнөсүнүн жаштарынын башын кошуп, достук жана биримдикте жаркын келечек үчүн жол көрсөткөн окуу жай. Ар дайым өз колдоолорун көрсөтүп келе жаткан Кыргыз жана Түрк мамлекеттерине да терең ыраазычылыгымды билдирем”,-деди ректор.

Ал эми университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев 20 жыл аралыгында университет бир топ ийгиликтерге жетишкендигине токтолуп, окуу жайдын түптөлүшүнө жана өнүгүүсүнө салым кошкон адамдардын эмгеги эч качан унутулбастыгын баса белгиледи. “Биз, университетибиздин профессионалдык жана жетекчилик жамаатынын аткарып жаткан иши ары жооптуу, ары сыймыктуу экенин билебиз. Түрк дүйнөсү, өздөрүнүн келечеги жана үмүтү болгон балдарын заманбап билим алуусу үчүн бизге жиберишүүдө. Биз алардын үмүтүн актап, жаштардын Түрк дүйнөсүндө жана бүткүл дүйнөдө өз ордун таап кетүүсүнө көмөкчү болуубуз шарт”,-деди.

Түркия Республикасынын Вице-премьер-министри Йылдырым Тугрул бай тарыхтуу Борбор Азия өрөөнү чоң мамлекеттердин түптөлгөн, улуу инсандар өсүп чыккан жер экенин белгиледи. “Билим менен маданияттын очогу болгон мекенибизде Манас университети түрдүү мамлекеттин жаштарын бириктирип, достук мамилесин бекемдөөгө салым кошуп келүүдө. Дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларынан болууга чоң максат койгон Манас университети кыргыз-түрк алакасынын эң мыкты көрсөткүчү”,-деген оюн билдирди Йылдырым Тугрул. Андан соң университеттин жетекчилиги кыргыздын салты боюнча Түркия вице-премьер-министрине улуттук чапан жана калпак кийгизишти.

КРнын Президентинин Аппаратынын Тышкы байланыштар жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо катын окуду. Анда Манас университети эки бир тууган өлкөнүн достугун бекемдеп, билимдүү жаштарды тарбиялоого зор салым кошуп жаткандыгы айтылган. Андан соң Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевдин буйругу менен, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн университетибиздин ректору Себахаттин Балжы президенттин өздүк кол сааты менен сыйланды.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияз КР ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбековдун атынан куттуктоо катын окуду. Куттуктоо катында, жогорку окуу жайлардын сап башында турган Манас университети 20 жыл аралыгында мол тажрыйба топтогондугу, бүгүнкү күндө бул окуу жайда мыкты жаштар тарбияланып жаткандыгы айтылган. Бул жаатта окуу жай эң ыйык милдетти аркалап, жаштардын илим-билимге сугарылгандыгы бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн чар тарабында өз адистиктери боюнча эмгектенип жаткандыгы менен далилденери баса белгиленген.

Ал эми КР вице-премьер-министри Гульмира Кудайбердиева куттуктоо сөзүндө, Манас университети 20 жылдык тарыхында чет өлкөдөн келген окутуучулары жана студенттери менен эл аралык окуу жай катары таанылганын, университеттин бүтүрүүчүлөрү өз өлкөлөрүнүн өнүгүүсү үчүн салым кошуп жатышкандыктарын айтты. “Университет билимдүү жана мыкты адистерди даярдоо багытында Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуп келүүдө. “Манас” университети түзүлгөн күндөн бери Кыргызстан менен Түркия мамлекеттеринин арасында мамилени чыңдоодо алтын көпүрө болуп, эки өлкөнүн илимий, маданий багытында кызматташууга өбөлгө болууда. Манас университети бул ийгилиги менен чектелип калбай, дагы көптөгөн иштерди аткаруусу керек” деди Г.Кудайбердиева. Андан соң көп жылдан бери эмгектенип, университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан агай-эжелерге КР Президентинин Аппаратынын атынан ыраазычылык каты жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин атынан ардак грамоталары тапшырылды.

Университеттин түзүлүшүнүн 20 жылдыгына арналган маараке майрамдык концерт менен коштолду.

Андан соң коноктор окуу жайыбыздын “Турмуш-тиричиликти тейлөө” имаратында сый-тамакта мейманга чакырылды. “Түрк дүйнөсү” оркестринин чакан концерти менен коштолгон сый-тамакта каалоо-тилектер айтылып, университеттин спорт тармагында эмгектенген агайлар Кыргыз Республикасынын Спорт департаментинин төш белгиси менен сыйланышты.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Вернуться назад