Главная > Университет > Студенттик кеңештин жаңы ѳкүлдѳрү шайланды

Студенттик кеңештин жаңы ѳкүлдѳрү шайланды


28 октябрь, 20:59. Разместил: baris

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Студенттик кеңешинин жаңы ѳкүлдѳрү шайланды.

Студенттик кеңештин Башкаруу жана Текшерүү тобунун  мүчөлөрүнүн ортосунда добуш берүү үстүбүздѳгү жылдын 27-октябрында болуп өттү.

Ал эми 28-октябрь күнү шайлоонун акыркы этабы ѳтүп, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 2022-2023-окуу жылындагы Студенттик кеңештин төрагасы болуп экономика жана башкаруу факультетинин 4-курсунун студенти Бектурсун Сыдыков жана төрага орун басары гуманитардык факультетинин батыш тилдери бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Бурак Жан шайланды.

Иш-чарага университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев жана окуу иштери боюнча проректор, доцент Камалбек Карымшаков катышты.

Биринчи проректор Студенттик кеңештин жаңы шайланган мүчѳлѳрүн куттуктап: “Алгач баарыңарды куттуктайм! Силер Кыргызстандагы эң сапаттуу университеттин Студенттик кеңеши болуп шайландыңар. Мындан улам силерде жоопкерчилик өтө жогору”, - деди.

Жыйындын соңунда мурунку Студенттик кеңештин бир жылдык отчету угулду жана жаңы түзүлгѳн Студенттик кеңештин мүчөлөрүнө университеттин төш белгилери тагылды.

 


Вернуться назад