Главная > Университет > Эбру искусствосунун чеберлери мастер-класс ѳтүүдѳ

Эбру искусствосунун чеберлери мастер-класс ѳтүүдѳ


20 сентябрь, 13:36. Разместил: baris

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түркиянын маданият күндѳрүнүн алкагында салттуу эбру сүрѳт кѳргѳзмѳсү жана эбру ѳнѳрү боюнча мастер-класстар ѳтүп жатат. Иш-чара Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият жана таанытуу кеңешчилиги менен биргеликте уюштурулду, ага университет жетекчилери, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси, окуу жайдын окутуучулары, студенттер жана медиа ѳкүлдѳрү катышты.

Иш-чарада Түркиядан келген Эбру жана миниатюра искусствосунун мастери Суна Кочал жана Эбру ѳнѳрүнүн устаты Хихмет Барутчугул жаш сүрѳтчүлѳргѳ 50 жылдык тажрыйбасындагы мастер-класстарды кѳрсѳтүп берди.

«Эбру» - бул боектордун жардамы менен суунун үстүнѳ сүрѳт тартуу дегенди билдирет. Ал 14 кылым мурун Түркияда пайда болгон. Техника өзгөчө, абстрактуу чиймелерди түзүүгө мүмкүндүк берет. Сууга сүрөт тартуу - бул эс алууга жана фантазияңызды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген кызыктуу процесс. "Эбрунун" жардамы менен стресстен арылууга болот.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган өз сөзүндө: «Бул иш-чаранын максаты - Түрк дүйнѳсүнүн салттуу маданиятын жайылтуу. Бүгүн биз ушул кѳргѳзмѳнү ачып жатабыз. Кѳргѳзмѳ бир апта бою болот. Баардык каалоочулар келе алат, анда салттуу түрк искусствосу, эбру ѳнѳрү кѳрсѳтүлѳт», - деди.


Вернуться назад