Главная > Университет > Кампус ичи түнкүсүн дагы жарык, жагымдуу болуп калды

Кампус ичи түнкүсүн дагы жарык, жагымдуу болуп калды


20 сентябрь, 11:08. Разместил: baris

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чынгыз Айтматов атындагы кампус ичин түнкүсүн жарыктандыруу максатында чырактарды орнотуу иштери жүрүп жатат. Учурда түнкү жарыктандыруучу чырактар студенттер үйүнүн А блогу менен ветеринария факультетинин ортосундагы жолго орнотулуп бүттү.

Бул тууралуу окуу жайдын курулуш иштери боюнча башкармалыгынын башчысынын м.а. Онур Дурал “Медиа Манас” борборуна курулуш иштери боюнча департаментинин алкагында студенттер үйүнүн А блогу менен ветеринария факультетинин ортосундагы 360 метр жолду жарыктандыруу үчүн 16 сырткы жарык берүүчү мамылар орнотулду деп билдирди.


Вернуться назад