Главная > Университет > Жаачы Гүлжан Венгрияда алтын медалга татыды

Жаачы Гүлжан Венгрияда алтын медалга татыды


14 сентябрь, 17:24. Разместил: baris

14-сентябрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан үстүбүздѳгү жылдын 12-20-август күндѳрү Венгрияда ѳткѳн спорттук мелдештерге катышып, алтын жана күмүш медалга татыган университеттин спорт илимдери факультетинин машыктыруучуларды даярдоо бѳлүмүнүн 1-курсунун студенти Бургхан кызы Гүлжанды кабыл алып, жеңиши менен кызуу куттуктады.

Гүлжан 12-14-август күндѳрү Венгриянын Бугач шаарында ѳткѳн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов баштаган кыргыз делегациясы менен бирге кѳчмѳн Курултайга катышты. Ал салттуу жаа атуу боюнча спорт оюндарына катышып, күмүш медаль утуп алды. Ал эми 14-августта Гюлай шаарында ѳткѳн дүйнѳлүк чемпионатта 300гѳ жакын катышуучунун арасынан 7-орунга чыгып, катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланды.

 Андан кийинки таймаш 16-19-августка чейин Венгриянын эрежесине ылайык (кыз-келиндер арасында) ѳтүп, спортчулар ар кандай алыстыкта жаа атышкан. Анда Гүлжан жарым финалга чыгып, 4-орунду ээледи. Кийинки узундугу 40-140 метрге чейинки аралыкта жаа атуу спорту боюнча 1-орунду багындырып, алтын медаль тагынды.

 


Вернуться назад