Главная > Университет > Профессор Б.Боркоев мамлекеттик сыйлыкка татыды

Профессор Б.Боркоев мамлекеттик сыйлыкка татыды


2 сентябрь, 11:02. Разместил: baris

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир катар жарандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамы менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин инженердик факультетинин, химия инженерия бѳлүмүнүн  профессору Бакыт Боркоев сыйланды.

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи 2-сентябрда болуп өттү.


Вернуться назад