Главная > Новости "Медиа Манас" > Белгилүү журналист Режеп Атеш “Манас” радиосунда конок болду

Белгилүү журналист Режеп Атеш “Манас” радиосунда конок болду


14 июля, 14:02. Разместил: sharizat

“Кыргызстан менин жашоомдо өзгөчө орунда, Түркияга окшоштурам себеби Кыргызстан да мекенсиз адамдарга мекен болуп, Кыргыз калкы оор ахыбалда тургандарга нанын бөлүшүп, айкөлдүгүн көргөзүп келет. Мен бул жерде болгонума сиздерди тааныгандыгым менен сймыктанам.”-деп сөз баштады Режеп Атеш. Бир канча жылдан бери кайрымдуулук кылып, өзү өңдөгөн санаалаштары менен атайын алыстан ат арытып, улуулардын ачкан чыйыры менен кайрымдуулук кербенин улап келет. Бул жылы Кыргыстанга Режеп Атеш, Эфенди Арысой менен келген. “Биз бир туугандык байланышыбызды үзбөй жаштарга үлгү болушубуз керек.”- деп белгиледи ал. “ мен учурдан пайдаланып Манас университетинин ректору Алпаслан Жейланга ыраазычылыгымды билдиргим келет, ал бул чөлкөмдө руханий баалуулуктарды бекемдеп, бир туугандык байланыштарды ширетип келет.”-деген Режеп Атеш “Биздин аракеттерде эч кандай саясат жок, мен кылымдар бою сагынган туугандарыма айттап келдим.”- деп сөзүн жыйынтыктады.


Вернуться назад