Главная > Университет > “Манас” университетинин ветеринарлары жардам кѳрсѳтүштү
“Манас” университетинин ветеринарлары жардам кѳрсѳтүштү27 июнь, 20:24. Разместил: bn |
|
2022-жылдын 27-июнунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ветеринардык факультетинин ветеринарлары тарабынан жаныбарларга жардам көрсөтүлдү. Алардын бири кичинекей чаарчык. Дарыгерлер тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө чаарчык жеткиликтүү тамактанбаганынан улам алсыз болуп, анын кесепетинен жалпы абалы бузулганы аныкталды. Ветеринарлар керектүү жардамды көрсөткөндөн кийин чаарчык бутуна туруп, абалы жакшыра баштады. “Манас” университетинде жаныбарларга, өсүмдүктөргө жана ар кандай жандыктарга, адамдарга кам көрүлөт. Университет ар дайым табигый жашоону, табиятты колдоону улантат. Вернуться назад |