Главная > Университет > “Шамбала” дагы бир сыйлыкка татыды
“Шамбала” дагы бир сыйлыкка татыды16 июнь, 23:52. Разместил: bn |
|
2022-жылдын 16-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин ага окутуучусу, Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр Артпай Сүйүкдүковдун “Шамбала” тасмасы дагы бир эл аралык сыйлыкка ээ болду. Дүйнөлүк кинофестивалдарда ондогон сыйлыктарга татыган «Шамбала» тасмасы АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн Бруклин кинофестивалында «эң мыкты камера иши» номинациясына татыды. Тасма буга чейин Лос-Анжелесте өткөн Бүткүл дүйнөлүк Азия кинофестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" сыйлыгын жеңип алган. “Шамбала” фильми жалпысынан 36 сыйлыкка ээ болду. Тасма Кыргызстандын Оскар комитети тарабынан Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн. Вернуться назад |