Главная > Университет > Стамбул Арель университети менен кызматташуу келишимине кол коюлду

Стамбул Арель университети менен кызматташуу келишимине кол коюлду


20 июнь, 17:27. Разместил: baris

Үстүбүздѳгү жылдын 20-июнунда Стамбул Арель университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Өзгүр Гөзүкара жана делегация мүчѳлѳрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетине иш сапары менен келишти.

Жолугушууда эки университет ортосунда кызматташуу келишими түзүлүп, келешимге университет жетекчилери кол коюшту.

Келишимдин максаты – окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдѳѳ иштерин жүргүзүү, студенттердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, ошондой эле кызматташтыктын алкагында маданий, илимий иш-чаралар уюштуруу иштери каралган.

Мындан сырткары, Стамбул Арель университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Өзгүр Гөзүкара жана делегация мүчѳлѳрү окуу жайдын факультеттери, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары менен таанышып чыгышты жана “Медиа Манастын” түз эфиринде кызматташуу тууралуу маек курушту.


Вернуться назад