Главная > Новости "Медиа Манас" > Бишкекте сурдология котормосун кайра алып келүүгө багытталган спектакль өткөрүлөт

Бишкекте сурдология котормосун кайра алып келүүгө багытталган спектакль өткөрүлөт


25 апреля, 13:31. Разместил: sharizat

Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде саат 16:30 да, Бишкек шаардык драм-театрында “Дүйнөгө биздин көз караш” аттуу кайрымдуулук спектаклы өтөрүлөт.  Аталган саамалык ата мекендик телеканалдарга сурдология котормосун кайра алып келүүгө багытталган.

Долбоордун автору Эшмаматов Темирлан Эшмаматович,  Манас фмдин “Жаңы күн” уктуруусунда конокто болуп, иш-чара жөнүндө маалымат берип кетти. Т.Эшмаматовдун айтуусу боюнча, спектакль аркылуу кулагы укпаган адамдардын дүйнөсүнө чөмүлүүгө, дүйнөгө алардын көзү менен кароого мүмкүнчүлүк берет.

Эскерте кетсек кирүү акысыз, андыктан ар бир жаран бул иш чарага катышуу менен долбоорду колдоп кете алат.


Вернуться назад