Главная > Университет > Рамазан айында жардам берүү уланууда

Рамазан айында жардам берүү уланууда


19 апрель, 18:54. Разместил: bn

Берекенин, ынтымактын жана боорукерликтин айы болгон Рамазан айында муктаж болгон үй-бүлѳлѳргѳ жардам берүү уланууда.

2022-жылдын 19-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жалпы жамааты тарабынан даярдалган азык-түлүк кутусу Чүй районунун Бек-Тоо айылында жардамга муктаж үй-бүлѳлѳргѳ берилди.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Бек-Тоо айылынын тургундары менен баарлашып, аларга Ыйык Орозо айында чын ден соолук, узун ѳмүр жана үй-бүлѳлүк ынтымак, бакыт-таалай менен аманчылык тиледи.

Ошондой эле айыл тургундары кѳрсѳткѳн жардамы үчүн окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.


Вернуться назад